Каракалпакстанда өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилди

Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын артынан бир айга өзгөчө абал киргизилгенин жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Кечки саат тогуздан эртең мененки саат жетиге чейин коменданттык сааты жарыяланды. Улуттук гвадиянын колбашчысы Рустам Жороев комендант болуп дайындалды.

Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө абал 3-июлдан 3-августка чейин уланат. Каракалпакстанга кирип-чыгуу жабылып, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды.

2-июль күнү элдик нааразылыктар өтүп жаткан Каракалпакстандын борбору Нукус шаарына келген президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын Конституциясынын Каракалпакстандын статусуна байланыштуу беренелери өзгөрүүсүз кала турганын билдирген.

26-июнда Конституциянын Каракалпакстан боюнча жаңы редакциясынын коомдук талкууга коюлган беренелери Өзбекстандын курамындагы бул автономиялуу республиканын тургундарынын нааразычылыгын жараткан.

Социалдык түйүндөрдөгү кызуу талкуулардан кийин 1-июлда Нукуста жапырт демонстрациялар башталган. Айрым интернет колдонуучулары Каракалпакстандын аймагына Куралдуу күчтөрдүн аскердик техникасы кирип жатканы тууралуу видеолорду жарыялашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД