Баткендеги рэкет. Ишкерди коркутуп опузалап акча талап кылгандар кармалды

Баткенде ишкерди коркутуу жолу менен акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну Х.М. милицияга арыз менен кайрылып, 27-июнь күнү "Умар" аттуу атуул жабырлануучуга кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен, айына 500 АКШ долларын берүүсүн талап кылып коркуткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Баткен ОИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап акча талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. "НЕЛЕГАЛ-ТРАФИК" операциясынын жүрүшүндө Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары 1986-жылы туулган А.А. менен мурда соттолгон 1986-жылы туулган А.А. кармалган.

Шектүү жарандар Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагындагы айылдардын биринде 16 000 (он алты миң) сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышкан.

Шектүүлөр Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД