Кыргызстанда дем алышта 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.
Алсак, Бишкекте Гоголь көчөсүндө "Арсенал" стадионунда жыгач устундуу темир менен жабылган ашкананын 45 чарчы метр чатыры, 0,5 куб отун, жыгач эшик күйгөн. Өрт Ибраимов көчөсүнө жайгашкан кеңсеге өтүп, анын пластик дубалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Жайыл районунда Бишкек - Ош унаа жолунун 64-чакырымында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын прицеби толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.