Ниязбеков: Ар бир милиционер сылык болуп, жарандарды тез тейлөөгө милдеттүү

Ар бир милиция кызматкери элге сылык болуп, жардам сурап кайрылган жарандарды ыкчам тейлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме учурунда айтты.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 4-июлунда ички иштер министри Улан Ниязбеков жайкы туристтик мезгилде жүргүзүлүп жаткан коопсуздук чаралары жөнүндө жана коомдук коопсуздукту камсыздоонун жалпы абалы, анын ичинде "Курман айт" майрамы учурунда коомдук тартиптин сакталышы багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.

Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп, аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи.

Министр өз сөзүндө өлкөдөгү бардык туристтик аймактарда эс алуучуларды кабыл алуу процедурасы кызуу жүрүп жатканын билдирди. "Пансионаттардын, эс алуу борборлорунун жана атайын туристтик аймактардын админинистрацияларына, коопсуздук кызматкерлерине жана элди тейлеген персоналдарына "чыр-чатактарды" болтурбоо үчүн атайын окутуу-түшүндүрүү иштерин уюштуруп, өткөрүңүздөр. Бир дагы туристтик аймакта жана жарандар эс алуучу коомдук жайларда элге жат көрүнгөн кылмыштарга, коомчулук арасында талкуу жарата турган укук бузууларга жол берилбесин.

Коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга бөлүштүрүлгөн кызматкерлер элге сылык мамиле жасоо менен жардам сурап кайрылган жарандарды жеринде ыкчам тейлеп, сервистик тейлөө көрсөтүү иштери күчөтүлсүн. Чет элдик жаран болобу же жергиликтүү жашоочу болобу маселесин жеринде чечип, элдин ыраазычылыгын алуу – ар бир кызматкердин эң башкы милдети болушу керек. Жарандар тарабынан келип түшкөн чакырууларга өз учурунда барбаган, окуя болгон жерге чыккан учурда өз милдеттерин так аткарбаган кызматкерлер биринчи жетекчиси менен кошо катуу тартиптик жазага тартылат. Бул талапты жалпы өздүк курамга жеткирүү менен аткарылышын көзөмөлгө алыңыздар. Кылмыштарды, окуяларды жана укук бузууларды болтурбоо максатында, алдын алуу иштерди тынымсыз жүргүзүү керектигин баса белгилеймин",-деди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле, ички иштер министри жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер күнүгө эл менен түздөн-түз иш алып баргандыктан, жарандарга сылык мамиледе болууну, оройлонбой милдеттерин так аткарууну, бекинип алып унааларды тосууга жол бербөөлөрүн талап кылып, кечиктирилгис зарыл чараларды көрүп, кызматкерлердин жүрүм-турумуна, милдеттерди так аткаруусуна, жарандардын талкуусуна калбай, алкышын ала турган шартта иштөөнү уюштуруу керектигин тапшырды.

"Туристтик мезгил учурунда эс алуучулардын коопсуздугун сактоо – эң башкы максат болуп эсептелет. Алдын алуу иштердин чегинде гана, бардык жарандарга сылык мамиледе иш алып баруу зарыл экенин белгилеймин.Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы жана жер-жердеги биринчи жетекчилер ушул талапты өздүк курамга жеткирип коюңуздар.

Жол кырсыктарын болтурбоо үчүн жергиликтүү бийлик органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, транспорт жана коммуникация, билим берүү жана илим, өзгөчө кырдаалдар министрликтери, айыл өкмөттөр, айыл башчылары жана туристтик уюмдар менен бирге натыйжалуу иштерди алып барыңыздар.

Өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо, жарандардын укугун коргоо, элдин тынч жана коркунучу жок жашоосуна шарт түзүүгө - ар бир жетекчи түздөн-түз милдеттүү. Эл арасындагы ар кандай чагымчыл маалыматтарга, коомдук-саясий абалды курчутууга, чек ара, улуттар аралык же диний кастыкты козутууга карата окуяларды алдын алуу, өлкөнүн ички коопсуздугун сактоо менен сырттан келиши мүмкүн болгон коркунучтардан коргоо боюнча ыкчам аракеттерди көрүү керектигин белгилеймин. Анын негизги максаты – коомчулук арасында чагымчыл аракеттерди, социалдык тармактар аркылуу жасалган мыйзамсыз чакырыктарды же болушу мүмкүн болгон окуяларды аныктап, алдын алуу жолу аркылуу бөгөт коюу болуп эсептелсин.

Жарандардын турмуш-тиричилик шарттарына терс таасирин тийгизген кылмыштар, анын ичинде уурулуктар, мал уурулуктар, батир уурулуктары, белгисиз жагдайда жасалган кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чараларды күчөтүү керектигин белгилеймин.

Бүгүнкү кеңешмеде каралган маселелердин алкагында берилген тапшырмаларды так аткарып, буга чейинки аппараттык кеңешмелерде берилген нускамаларды орундатып, кемчиликтерди жоюп, көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө карата токтоосуз түрдө аракеттерди көрүү керектигин да баса белгилеймин,- деди Улан Ниязбеков онлайн кеңешмени жыйынтыктап жатып.

2022-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерде "Курман – Айт" майрамына арналган иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле өздүк курам арасында мыйзам бузууларга жол бербөө максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипти иш алып барышат. Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого ылайык республика боюнча 8 миңге жакын кызматкерлер тартылат жана ошондой эле 1300 жакын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, алар 1100го жакын атайын посттордо иш алып барышат.

Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД