Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 48 учуру катталды. Алардын ичинде 43ү - Бишкекте.

Ооругандардын үчөө ооруканага жаткырылган, алардын абалы орто.

Аныкталган учурлардын арасында 9у сырттан келгендер (РФ, Түркия, Өзбекстан, АКШ).

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 27-июндан 3-июлга чейин өткөн жумага караганда 19 учурга көп аныкталган.

Аймактар боюнча:

Бишкек ш. – 43

Чүй облусу – 4

Ош ш. – 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 201 101 адам бул инфекцияны жугузган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД