Кочкордо 4 кг чукул кара куурай менен үч жаран кармалды

Кочкор районунда 4 кг чукул кара куурай менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-июнь күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кочкор райондук Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирдикте Кочкор районунун аймагынан "Ауди С4" үлгүсүндөгү авто унаасы менен бара жатышкан Жумгал районунун тургундары 1975-жылы туулган А.Ж, 1995-жылы туулган И.Ө. жана 1989-жылы туулган М.К. өзгөчө жыты бар 4 кг шектүү зат менен кармашкан.

Бул факты боюнча Кочкор РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282- беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Табылып алынган зат боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык кара куурай экендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД