Үрүмчү - Бишкек - Үрүмчү багыты боюнча аба каттамы жанданды

Эки жылдан кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамы жанданды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү - Бишкек - Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда.

2022-жылдын 5-июлунда "Түштүк Кытай аба жолдору" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы эки саат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД