Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Бишкекте Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 59 жаштагы жаран кечээ Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан табылып, сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, таң эрте издөө ишин жүргүзүү максатында 22 куткаруучусу тартылган.

Эске салсак, 29-июнь күнү борбор калаанын Свердлов районундагы А.Орозбеков көчөсүндө 1963-ж.т. Ш.Р. аттуу жаран Чоң Чүй каналына түшүп жатып, сууга агып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД