Өзбекстанга мыйзамсыз бодо мал алып бараткан 44 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Моңол тилкесинде чек арачылар кызматын өтөп жатып, Кыргызстандан Өзбекстанга 18 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө ниеттенген Кыргызстандын жараны 1980-жылы туулган Ж.С.ны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын баасы 1,5 миллион сомдон ашык.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД