Ысык-Көлдө балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлерин куттукташты

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-июлда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында балдар иштери боюнча инспекциясынын түзүлгөнүнө 87 жыл толот. Кесиптик майрамдын алдында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Арсен Самаев, күнүмдүк аткарып жаткан кызматында жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы көйгөйлүү маселелерди чечип жаткан милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өзүнүн сөзүндө, балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлорунун алдында жогорку кесипкөйлүктү, ишке берилгендикти жана өзгөчө кылдаттыкты талап кылган татаал милдеттер турганын белгилеп, жаш муундар менен иштөөдө кайраттуулукту жана чыдамкайлыкты каалады. Ошондой эле, жылуу мамиле жана өз ара түшүнүшүү милиция кызматкерлери барган үй-бүлөдө гана эмес, өздөрүнүн үй-бүлөсүндө да өкүм сүрүшүн тилеп кетти.

Облустук ИИОнун балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлерине өздөрүнүн жакшы каалоо-тилектерин райондук мамлекеттик администрациянын, мэриянын жана аймактагы билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери да айтышты. Куттуктоо сөз ээлери, балдар иштери боюнча инспекциясынын ишмердүүлүгү кыйла татаал экенин, оор өспүрүмдөр менен тил табышуу үчүн атайын кесиптик жана жеке шыктарды талап кыларын жана бул иште эң негизгиси өспүрүмдү туура эмес жүрүм-туруму үчүн жазалоо эмес, укук бузуунун алдын алуу болуп саналарын белгилешти. Анткени, ар бир жаш укук бузуучу өзүнчө инсан, өзүнчө мүнөзгө ээ болгондуктан, ошого жараша жеке мамилени талап кылат. Ал эми, Ысык-Көл облусунун ИИОнун балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору бул жоопту ишти тийиштүү деңгээлде жүргүзөрүн белгилеп кетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД