Бишкекте куткаруучулар дааратканага түшүп кеткен аялды чыгарышты

Бишкектин Балтийская көчөсүндө жайгашкан дааратканага 33 жаштагы А.Р., аттуу аял түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан алты куткаруучу тартылып, аялды чыгарышкан.

Анын абалы жакшы экендиги айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД