Тойота каршы тилкеге чыгып кеткен. Ысык-Көлдөгү кырсыктын себеби айтылды

Тойота Эстима унаасынын айдоочусу рульга ээ боло албай жолдун карама-каршы багытында келе жаткан Хонда Одиссей унаасы менен кагылышкан. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 4-июль күнү саат 19:25 чамасында Балыкчы-Ананьаво-Каракол жолунун 28-чакырымында Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда Бишкек шаарынын тургуну 2004-жылы туулган М.А. өзүнүн Тойота Эстима унаасы менен күн батыш багытында бара жатып, рульга ээ боло албай жолдун карама-каршы багытында келе жаткан Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Э.Ж. башкаруусунда Хонда Одиссей унаасы менен кагылышкан.

Натыйжада: Тойота Эстима унаасынын жүргүнчүсү 2015-жылы туулган М.Д. (өспүрүм) жана Хонда Одиссей унаасынын жүргүнчүсү 1953-жылы туулган Ж.А. (аял киши) алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми Тойота-Эстима унаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган М.А.; жүргүнчүлөрү: 1979-жылы туулган М.Д.; 2009-жылы туулган М.А.; 2004-жылы туулган М.И.; Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу 1978-жылы туулган Э.Ж.; жүргүнчүлөрү Ош шаарынын тургундары 1991-жылы туулган А.Э.; 1987-жылы туулган Э.К. ар кандай жаракаттары менен Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД