Талас ОИИБде медициналык кызматкерлер сыйланды

Талас ОИИБде медициналык кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн 5-июль күнү Талас ОИИБдин жетекчилиги медициналык кызматтын жетекчисин жана мед айымдарды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

Талас ОИИБдин медицина кызматы дайыма облустук милициянын саламаттыгы үчүн кызмат кылып, милиция кызматкерлери менен биргеликте кандай гана шарт болбосун, күнү-түнү жардам көрсөтүүгө даяр турушат.

Талас ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис: "Элдин саламаттыгында салымыңар зор, өзгөчө милиция кызматкерлерине болгон камкордук, мээримиңер, бизге мээрмандык мамилеңер өзү эле жүрөктү жылытаарлык. Ар дайым ак мээнетиңердин үзүрүн көрүп, үй-бүлөңөр менен бактылуу болгула"- деп ыраазычылык кат, Ардак грамота жана башка белектерди тапшырып узатты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД