Өлкө аймагында "Нелегал-2022" комплекстүү издөө иш-чаралары жүргүзүлдү

Республика аймагында "Нелегал-2022" комплекстүү издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-ноябрындагы Чечими менен бекитилген "Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин иш-чаралар планына" ылайык, Ички иштер министрлиги тарабынан 2022-жылдын 27-июнунан 4-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аймагында "Нелегал-2022" комплекстүү издөө иш-чаралары өткөрүлдү.

Операциянын жүрүшүндө республиканын ички иштер органдарынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүдөй фактылардын бетин ачуу боюнча иш-чаралар аткарылды:

- мыйзамсыз миграцияны уюштуруу;

- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу;

- чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу;

- жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк;

- Кыргыз Республикасына аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу;

- Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД