Саламаттыкты сактоо министрлиги: COVID-19дун жаңы толкунуна даярбыз

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр. Бул тууралуу КР ССМнын Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги Нурида Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, оору дагы бир ирет күчөсө, биринчи кезекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызыл аймак ачылат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги зарылдыгына жараша COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн башка саламаттыкты сактоо уюмдарында дагы кошумча орундарды ачууга даяр.

"Коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну болсо орундар жетиштүү. Дары-дармек жетет. Дарыгерлердин тажрыйбасы бар, алардын баары COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн, - деп белгиледи Жусупбекова жана калкка кайрылды: - Биз адамдарды жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылып, эмдөө алууга чакырабыз".

Биринчи, экинчи дозаны алгандар – бустерди алыңыздар. Анткени башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, учурда COVID-19га негизинен эмделбегендер чалдыгып жатышат".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД