Курман айтка карата Баткенде милиционерлерге саптык кароо болуп өттү

Баткенде Курман айт майрамына карата милиция кызматкерлерине саптык кароо болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 9-июлуна белгиленген Курман айт майрамына карата Баткен облус аймагындагы ИИОнун кызматкерлерине саптык кароо болуп өттү.

Майрамга күндөрү намаз окулган мечиттерде коомдук тартипти көзөмөлдөө жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Жер-жерлерде өткөрүлгөн саптык кароодо ар бир кызматкердин алып жүргөн кызматтык күбөлүктөрү, кийип турган формасы жана алардын канчалык деңгээлде кызматка даяр экендиктери жетекчилик тарабынан текшерилип чыгып, нускамалар берилди.

Облус аймагында жалпы намаз окулуучу мечиттердин саны 146. Бардык мечиттерде жарандарыбыздын коопсуздугун сактоодо милиция кызматкерлери так жана ачык иш алып барат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД