ЖРТнын алтын сертификаттарынын 45 пайызын Бишкектин бүтүрүүчүлөрү алды

Бишкек бүтүрүүчүлөрү республика боюнча ЖРТ алтын сертификаттарынын 60% алышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкекте 100 күндүк иштин жыйынтыгы боюнча пресс-конференциясы өтүп жатканда айтты.

Айтымында, социалдык чөйрөдө дагы өзгөрүүлөр болду. Жыл башынан бери 567 үй-жайсыз адамга социалдык кызматтар көрсөтүлдү. Документтерди калыбына келтирүүгө 48 адам жетишти, 44 адам үй-бүлөгө кайтып келишти, 26 адам ооруканага жаткырылды, 328 адам амбулатордук дарыланды.

Балдарга жардам берүү борбору тарабынан 77 балага колдоо көрсөтүлүп, 128 балага психологиялык кеңеш берилди.

Кароосуз калган балдардын санын азайтууга жана багып алуучу үй-бүлөлөргө аныкталган балдардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берген оң ата-энеликке окутуу боюнча жаңы моделди киргизүү боюнча иш башталды.

Жаш адистерди колдоонун алкагында жергиликтүү бюджеттен "Жаш мугалимдин депозити"программасы иштейт жана каржыланат. 2021-2022-окуу жылында 100 жаш адис конкурстук тандоодон өткөн. Учурда программада 363 адам иштейт.

№ 9 китепканасында маалыматтык коворкинг борбору ачылган.

Бишкек шаарынын спорттук иш-чараларынын календарлык планына спорттун 70 түрү боюнча 150дөн ашык шаардык жана эл аралык иш-чаралар киргизилген, алар 70 миңден ашуун адамды камтыйт. Буга чейин 5 миңден ашык адамды камтыган бир катар спорттук-массалык иш-чараларды өткөргөн.

Борбордо экинчи эл аралык "Наристе"фольклордук фестивалы өттү. Ага Кыргызстандын бардык облустарынан жана башка өлкөлөрдөн 5 миңден ашык катышуучу катышты. Иш-чараны өткөрүүгө каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД