Азамат Жаманкулов "Кичинекей Брюс Ли" менен жолукту

Кечээ, 5-июлда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов белгилүү актёр Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырган Нурмухаммед Ташмаматов менен жолукту.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Нурмухаммеддин "нунчак" менен теннис ойногон шамдагай трюктарын "Гиннестин китебине" каттоо боюнча сүйлөшүүлөр болду. Өз кезегинде Жаманкулов министрлик аны иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү жардам берилерин маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө, дени сак жашоо жана спорттун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн Нурмухаммед Ташмаматовго Маданият министрлигинин "Ардак грамотасы" тапшырылды.

Эскерте кетсек, Ташмаматов 2017-жылы россиялык "Лучше всех" көрсөтүүсүнө катышып, Брюс Линин атактуу "Игра смерти" тасмасындагы трюктарын аткарып биринчи ийгилигин багындырган.

Ал эми 2018-жылы Украинанын Киев шаарында өткөн "Круче всех" теледолбооруна, Москва шаарында "Синяя птица" теледолбооруна, 2019-жылы Казакстан шаарында Central Asia"s Got Talent долбооруна атайын чакыруу менен барып, өз өнөрүн тартуулап келген.

Ташмаматов 2020-жылы Эл аралык "Интер Рекорддо" 42 жолу теннистик топту нунчактын жардамы менен уруп, 2021-жылы 49 жолу нунчак менен тенис ойноп жаңы рекорд орноткон. 2022-жылы 63 жолу нунчак таякчалары менен теннистик шарикти уруп үчүнчү жолку рекордун бекемдеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД