Элчи Улукбек Марипов ажылыкка баргандар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов ажылык милдеттерин өтөө үчүн ыйык Мекке шаарына келишкен Кыргызстандык ажылардан кабар алды. Жолугушууга ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери катышты.

"Сиздерди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Ажылык ибатыңыздарды Алла Таала кабыл кылып, мекенибизге аман-эсен жетип алыңыздар. Ыйык жайлардан мамлекетибиз, элибиз үчүн дагы дуба кылыңыдар",-деди Улукбек Марипов.

Ал эми мекендештерибиз өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, кабар алып келгендиги кубандыргандыгын айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД