Бишкекте 7 ирригациялык скважинаны бургулоо пландалууда

Сугат тармагын жакшыртуу үчүн 7 скважинаны бургулоо жана 4 сугат скважинасын реабилитациялоо, бул скважиналарга 111,5 км тамчылатып сугаруу системасын орнотуу, 6,4 км ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү пландаштырылууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкекте 100 күндүк иштин жыйынтыгы боюнча пресс-конференциясы өтүп жатканда айтты.

Айтымында, Байтик-Баатыр, Токомбаев көчөсүндөгү сейил бакта скважинаны курууну жана бургулоону аяктоо пландалууда. "Көк-Жар", "Кара-Жыгач" турак-жай массивдеринде Фере, Кокчетавская жана Ужгородская, Айдаралиев, Фиолетовая, Ушаков, Пржевальс, Карагай көчөлөрү боюнча магистралдык канализация тармактарын куруу.

Ошондой эле бардык көмүр отканаларын газга өткөрүп, эл аралык донор уюмдар жана каржы институттары менен Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу боюнча иш алып баруу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД