Үркүн окуяларына карата эскерүү жүрүшү өткөрүлөт

Август айында 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшү өтөт. Бул тууралуу "Эсимде" изилдөө аянтчасы билдирди.

Жүрүш алкагында 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына зыярат кылынат.

"Иш-чаранын маршурту Чуй өрөөнунөн башталып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей жээктерин камтып, Сырттын ашууларына чейин уланат. Эскерүү жүрүшүү максималдуу түрдө 1916-жылдагы Үркүн жолдорун камтыйт. Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу.

Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө", - дейт "Эсимде".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД