Бүгүнкүгө карата өлкөдөгү аба ырайы

Бүгүн, 6-июлда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көлдүн жана Нарындын дыйканчылык аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26,

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД