Катуу шамал Жети-Өгүздөгү мектептин чатырын учуруп кетти

Жети-Өгүздө катуу шамал катталып, мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, катуу шамал Д.Иманов атындагы орто мепктептин чатырын учуруп кеткен.

Болжол менен 1036 чарчы метрлик шыйпыр жараксыз абалга келди. Жерине Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 офицер келип, мектептин абалы менен таанышты.

Бүгүн, 6-июлда Жети-Өгүз райондук Жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымдары эсептеп, чатырын жабууга кам көрүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД