Ак-Талаада милиция сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алууда

Ак-Талаа РИИБи сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында коркунуч жараткан суу жээктерине,агын сууларга, каналдарын жээктерине эскертүү белгилерин тиешелүү жерлерге илип чыгышты.

Ошондой эле күн жылып агын суулардын көлөмү көбөйүп, табигый жана жасалма көлмөлөр толуп, кооптуу жайлар көбөйгөндүгүнө байланыштуу Ак-Талаа районунун аймагындагы кооптуу болгон аймактарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте агын суулардын жээктерине ЭСКЕРТҮҮ ТАКТАЛАРЫ орнотулду.

Аталган иш-чара облустун баардык райондук ички иштер бөлүмү тарабынан сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын эскертүү такталары жасатылып кооптуу аймактарга коюу иштери жүргүзүлүп жатат.

Андыктан ар бир ата-эне өз балдарына көзөмөлдү күчөтүп, кайдыгер карабай сак болууга чакырабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД