Кызыл-Кыяда толук эмес орто билимдүү күбөлүктөр тапшырылды

Кызыл-Кыя шаарында толук эмес орто билимдүү күбөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарында кечээ, 5-июнь күнү 12 мектепте толук эмес орто билимдүү күбөлүктөр салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул салтанаттуу майрамга ата-энелер, мектеп мугалимдери жана күбөлүк ээлери катышты.

Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ар бир мектептерге бөлүнүшүп коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөп, жыйналган ата-энелерге, күбөлүк ээлерине кылмыштуулуктун алдын алуу жана укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле өз алдынча тоолорго экскурцияларды уюштурууга, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгын эскертишти.

Кызыл-Кыя аймагында күбөлүк тапшыруу аземинда укук бузуу фактылары катталган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД