Улутстаткомго маалыматтарды электрондук түрдө чогултуучу техника тапшырылды

2022-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын Кыргызстандагы директору Кожиро Накаи жана БУУнун Азык-түлүк жана Айыл-чарба Уюмунун Кыргызстандагы директорунун милдетин аткаруучусу Динара Рахманова менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук статкомдон билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Улутстатком менен БУУнун аталган түзүмдүк уюмдары менен азык-түлүк товарларына болгон бааларды туруктуу байкоо жүргүзүүдөгү жемиштүү кызматташтыкка токтолушту, ошондой эле азык-түлүк товарларына жана кызмат көрсөтүү тарифтерине болгон баалардын динамикасын чагылдыруу максатында, баалар боюнча маалыматтарды электрондук түрдө чогултуу үчүн Улутстаткомго смартфон түрүндөгү техникалык жардам (25 смартфон) көрсөтүлдү.

Өнүгүү боюнча өнөктөштөр көрсөтүлгөн техникалык жардам баалар жана тарифтер боюнча маалыматтарды электрондук түрдө топтоо тутумун жакшыртууга жана бааларды көзөмөлдөө учурунда ыкчамдуулук менен натыйжалуулукту камсыз кылаарына ишенич артышарын билдиришти.

Белгилей кетсек, БУУнун Азык-түлүк жана Айыл-чарба Уюму менен БУУнун Азык-түлүк Программасы Улутстаткомдун узак мөөнөттөгү өнөктөштөрү болуп саналат. Өнөктөштөр улуттук статистикасынын ишмердүүлүгүнүн ар кыл тармактарына олуттуу жардамдарын көрсөтүп келишет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД