Ошто бирөөнү тоногон деп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Оор беренелер менен бир канча жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургуну арыз менен кайрылган, себеби 2022-жылдын 5-июль күнү Ош шаарында белгисиз атуул коркутуп, жанындагы 300 АКШ долларын жана 60000 сомун ачык түрдө тартып алып койгондугун билдирген.

Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) белгилери менен катталып, шектүүнү кармоо боюнча атайын иш- чаралар уюштурулган.

Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бул кылмышка шектүү катары Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда Россия Федерациясында бир нече жолу оор беренелер менен соттолгон жана Кыргыз Республикасында дагы бир нече жолу соттолгон Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Э.А кармалды.

Бүгүнкү күндө шектүүнүн үстүнүн иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камака алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД