Кадамжай районунда 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды

Кадамжай районунда 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облус аймагында "МАК - 2022" иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат.

"Жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштөө тобун түзүп, иш алып барууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Кадамжай шаарынын Каңды, Үч-Коргон айылынын Боз аймагындагы талаа жана үлүш жерлерде жапайы өскөн 4,5 тоннага жакын кара куудай жок кылынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД