COVID-19: оорунун көп байкалган белгилери

COVID-19 коронавирус инфекциясы ар башка даражадагы адамдардын түрдүү топторуна таасир берет. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккандардын көпчүлүгүндө оору жеңил же орто оордукта өтөт жана аларга ооруканага жатуу талап кылынбайт.

Көп байкалган белгилери:

дене табынын көтөрүлүшү;

жөтөл;

чаалыгуу;

жыт жана даам билүү сезимдеринин жоголушу.

Ооруну жугузгандардын айрымдарында:

тамак оору;

баш оору;

түрдүү оорулар;

диарея;

колдун же буттун терисинин түсүнүн өзгөрүшү же майда жараттардын чыгуусу;

көздүн кызарышы байкалат.

Оорунун оор түрүнүн белгилери:

дем алуунун кыйындашы;

сүйлөө же кыймыл-аракет функцияларынын бузулушу же аң-сезимдеги өзгөрүүлөр;

көкүрөктүн оорусу.

Эгерде сизде оорунун белгилери байкалса, токтоосуз түрдө дарыгерге кайрылыңыз. Ооруканага же поликлиникага баруунун алдында дарыгерге телефон чалып, бара турганыңыз тууралуу билдирип коюңуз.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД