Эркиндикке - аттестат менен! Абакта жаткан бир топ окуучу аттестат алышты

Эркиндикке - таза аттестат менен! Абакта жаткан бир топ окуучу аттестат алышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемесинде соттолгондордун жана тергөөдө жаткандардын арасынан бүтүндөй бир топ окуучулар мектепти ийгиликтүү аяктап, салтанаттуу шартта мугалимдердин катышуусунда орто билими тууралуу аттестаттарды алышты.

11-классты 3 соттолгон, 9-классты 1 соттолгон жана 4 тергөөдөгүлөр, 8 адам жалпы орто билим алышкан.

Мектеп директору Нуриза Кампышева жана башкы мугалими Наталья Кретова балдарды жашоосундагы бул маанилүү окуя менен куттукташты.

Албетте, алардын жаштыгын, жалпы билим берүү мекемесин кайсы жерде жайгашканын эске алып, биз тобокелчиликке барбайбыз жана алардын тагдырын татаалдаштырбоо үчүн сүрөттөрдө көздөрүн жабууну чечтик.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД