Министрлик: COVID-19га каршы чектөө чараларын киргизүүгө азырынча эрте

Азырынча коронавируска каршы чектөө чараларын киргизүүгө эрте, анткени биз "жашыл зонадабыз". Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бирок оорунун саны өсүп бара жаткандыктан топ иштеп баштады.

"Эртең коронавирус боюнча республикалык штабдын жыйыны пландалууда, балким ал жерден 2 жумага карата алдын ала божомол айтылат. Ошондой эле жаңы учурлар жана ооругандар менен байланышкан адамдар менен иштөө боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бериле баштайт", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД