Салык кызматынын лотереясынын жеңүүчүлөрү байгелерин алышты

Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын I утушунун жөңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу аземин өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Иш-чарага Салык кызматынын жетекчилиги, лотереянын биринчи турунун өнөктөштөрү болгон компаниялар жана жеңүүчүлөр катышты.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов байге утуп алгандарды куттуктап, мыйзамга ылайык мамлекеттик лотереянын жеңүүчүлөрү утуп алган байгелери үчүн салык төлөөдөн бошотулгандыгын белгиледи.

И.Кыдыргычов жүргүзүлүп жаткан лотереянын кыргызстандыктардын салыктык сабаттуулугун жогорулатууга жана салык жыйноонун өсүшүнө оң таасирин белгилеп, жарандарды мындан ары да кассалык чектерди талап кылууга жана лотереяга катышууга чакырды.

Лотереянын өнөктөштөрү – Мөл Булак, Тойбосс, Бай Дыйкан компанияларынын өкүлдөрү лотереянын жеңүүчүлөрүн куттуктап, чектерди талап кылууну улантуу менен ак ниетсиз салык төлөөчүлөргө жана көмүскө бизнеске каршы күрөшүүгө салым кошуу зарылдыгын баса белгилешти.

Айтымында алар Салык кызматынын демилгесин чын жүрөктөн колдошту. Ак ниет салык төлөөчүлөр катары бардык ишкерлерди жана бизнес өкүлдөрүн контролдук-кассалык машиналарды колдонууга жана салык мыйзамдарына ылайык иштөөгө чакырышты.

Лотереянын жеңүүчүлөрү лотереяга катышуу жана байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү үчүн мамлекетке ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, лотереянын биринчи утушунун байге ээлери өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан катышкан 52 адам болду.

Анын ичинен 2 адам автомобиль утуп алышты. Булар – Эрнист Жаңыбаев (KIA Rio автомобили) жана Аиза Жуманова (Hyundai Creta автомобили).

Э.Жаныбаевдин айтымында, ал Нарын облусунун Ат-Башы районунун жашоочусу жана анда 483 билет болгон. Убактылуу иштебейт, 4 баланын атасы.

А.Жуманова Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочусу, үй кожекеси, 2 баланын энеси. Ал топтогон 7 билеттин ичинен бирөөсү байгелүү болду.

Дагы 10 адам iPhone 13 и iPhone 12, 10 адам Samsung А33 смартфондун ээси болушкан. Мындан тышкары, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 микротолкундуу меш, 5 кир жуугуч машина, 5 чаң соргуч жана Ысык-Көлдөгү пансионаттарга 5 жолдомо өз ээлерин табышты.

Белгилей кетсек, 1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи утушу өтүп, түз эфирдин жүрүшүндө баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Утушка "Салым чек" тиркемеси аркылуу сканерленген кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 3 млн 449 миң 959 билет катышты.

Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы менен (рандом) аныкталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД