Муфтият Садыбакас Дооловдун эттин кымбаттыгы тууралуу айтканын териштирет

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарынын Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда тарап жаткан видеосу боюнча териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

"Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Садыбакас ажы Доолов өлкөдөгү эттин баасынын өсүшү тууралуу айткан сөзү соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Анда Садыбакас Доолов базарда малдын этинин кымбаттоосуна аялдардын ачык кийинип жүргөнү себепкер экенин айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД