Кара-Кече көмүр кенинде көчкү жүргөн

Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктан адам өмүрү кыйылган жок.

Болжолдуу маалыматтар боюнча 30-40 миң куб тоо тилкесинен топурак көчтү. Техниканы топурак басып калды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Азыркы учурда жумуш штаттык режимде жүрүп жатат. Көмүр казууга залакасы тийбейт, мындан ары көмүр казуу иштери улана берет.

Окуя Кара-Кечеде 2-июлда болжол менен саат 13.30да болгон. Ал учурда жумуш жүргөн эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД