"Азаттыктын" жетекчиси милицияга сурак берди

5-июлда "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында сурак берип чыкты. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков соцтармактарга мамлекеттин тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсүндө бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде "Азаттык Медиа" мекемесинин маалыматтарын булак катары көрсөткөн.

Ленин райондук милициясынын улук тергөөчүсү Тилек Мамытов суракта azattyk.org сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берип, андагы маалыматтын булактарына кызыкты. Мындан тышкары "Азаттыктын" сайтына чыккан бир нече макаладагы маалымат боюнча түшүндүрмө сураган расмий өтүнүч берилди.

Ошол эле учурда тергөөчү сурак кайсы бир иштин алкагында эмес маалымат алуу максатында гана уюштурулганын билдирди. Эки жарым саатка созулган бул жараянга "Медиаполиси" институтунун юристи, адвокат Акмат Алагушев да катышты.

Белгилей кетсек, 2-июлда саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын Ленин райондук милициясынын имаратынын алдына чогулган тарапкерлерине жана журналисттерге билдирген. Оппозициялык саясатчы социалдык тармактагы баракчасына "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД