Ошто Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин жыйыны уюштурулду

"2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы тууралуу", "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө", "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө" жана "Улуттук нарк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын аткаруу алкагында 2022-жылдын 5-июлунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) тарабынан Дин таануучулук изилдөөлөр борбору менен биргеликте Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар жана улуттар аралык кеңештин кезектеги жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, саамалыкка Ош шаарынын жана Ош облусунун казылары, КР ДИМКнын, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, аймактагы кырктан ашуун ар түрдүү диний уюмдардын жана окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, эксперттер жана катышуучулар тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо маселелери боюнча баяндамалар жасалды.

Ошондой эле жыйындын алкагында Ош шаарынын мусулмандар казысы Мурзакул кары Осмонов Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин төрагасы болуп дайындалды.

Жыйындын катышуучулары топторго бөлүнүп кыргыз элинин улуттук боз үйүн тигишти, улуттук тамактарды жасашты, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, мыйзамдар боюнча интеллектуалдык мелдештерге, спорттук таймаштарга катышышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар жана этностор аралык кеңеш КР ДИМК тарабынан жергиликтүү бийликтер жана диний уюмдар менен биргеликте 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу алкагында конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди өркүндөтүү, тынчтыкты камсыз кылуу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, коомдо диний радикализмдин, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, социалдык, гуманитардык, маалыматтык, агартуучулук, маданий жана спорттук иш-чараларды биргелешип уюштуруу, мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын, этникалык топтордун ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД