Рекорддор китебине 4 жолу кирген Чхве Чан Хен бишкектиктерди шыктандырды

Коляска менен көптөгөн километр аралыкты басып өтүү боюнча төрт жолу Гиннестин рекорддор китебине кирген Түштүк Кореянын легендасы Чве Чон Хен Бишкектеги Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборуна келди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Ысык-Көлдүн тегерегинде саякаттап, ал эми Борбордун тургундарына өзүнүн өмүр жолу, ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Шаардык реабилитациялык борбор күн сайын Бишкек шаарында жашаган 100 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД