"Илон Маск жана фантастикалык келечекти издөө" китеби кыргызчага которулду

Эшли Вэнстин "Илон Маск жана фантастикалык келечекти издөө" китеби кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, китептин ачылыш аземи борбор калаадагы К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Америка борборунда өттү.

Китеп АКШ Элчилигинин колдоосу менен басылып чыкты. Долбоорду Каракол шаарындагы "Steps to Success" бейөкмөт уюму аткарып, котормосун Тынчтыкбек Жанадыл ишке ашырган.

Аземге Билим Берүү министрлигинин алдындагы "Жаңы китеп" уюмунун директору Төлөгөн Аматов, котормонун автору, АКШ Элчилигинин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Иш-чарада "Жаңы китеп" уюмунун директору бул эмгекти ишке ашырууда салымын кошкондорго терең ыраазычылык билдирип, Билим берүү жана илим министрлиги бул жаатта аткарылып жаткан иштерди ар дайым колдоого алууга даяр экенин баса белгиледи.

Катышуучулар бул сыяктуу чыгармалардын которулуусу адамдарды шыктандыруучу гана эмес, улуттар, маданияттар аралык көпүрө боло ала турган өзгөчөлүккө ээ экенин айтышты.

Китеп 4000 нускамада басылып чыгып, өлкө аймагынын китепканаларындагы Америка борборлоруна жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД