Милиция бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерин балдарын көзөмөлдөөгө чакырды

Кайгуул кызматы 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелеринен балдарды көзөмөлдөп турууга чакырат.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда Бишкек шаарынын дээрлик баардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто мектепти бүткөндүгү боюнча атестат алуу аземи өтүп жатат.

"Ошондуктан кайгуул кызматкерлер ар бир орто мектептерде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Андан сырткары бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин, ата-энелеринин жана чоң адамдардын коштоосу жок өз алдынча топтошуп, тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши үчүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын "блок посттор" орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан баардык унаалар текшерилет.

Андыктан ата-энелер өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбай көзөмөлдөп турууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД