Шаардан чыгуучу көчөлөргө блок-посттор орнотулду

Бүгүн 7-июль күнү республиканын аймагында дээрлик баардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто мектепти бүткөндүгү боюнча аттестат алуу аземи өтүп жатат.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ар бир орто мектептерде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Андан сырткары бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин, ата-энелеринин жана чоң адамдардын коштоосу жок өз алдынча топтошуп, тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши үчүн постор күчөтүлдү жана шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын "блок посттор" орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан баардык унаалар текшерүүгө алынат.

ЖКККББы баардык ата-энелер өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбай, көзөмөлдү күчөтүүгө чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД