8-июлга карата аба ырайы

8-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 28…30 градус болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД