4-6-июлда Кыргызстанда COVID-19дун 30 учуру катталып, төрт адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы учурлар Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында аныкталган.
Алардын ичинде жаш курагы боюнча:
7-17 жаш - 3 учур (10%)
18-29 жаш - 8 (26,6%)
30-64 жаш - 15 (50%)
65 жаштан жогору - 4 учур (13,4%).
Аныкталган 30 учурдун ичинен 5 сырттан келгендер (Корея, Пакистан, АКШ).
18 адам оорунун белгилери пайда болгонуна байланыштуу кайрылышкан
2 адам ооруга чалдыккандар менен байланышкандар катары
4 адам учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшыруу учурунда аныкталган.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.