Дамира Чокоева көз жумду

Кыргыз коому орду толгус жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан кийин Чокоева Дамира Нурмамбетовна көз жумду. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Дамира Нурмамбетовна- сүт өнөр жайынын биринчи кыргыз аял инженер-технологу. 1956-жылы Москвадагы эт-сүт өнөр жай технологиялык институтун бүтүрүп, республиканын эт-сүт тармагында 32 жыл эмгектенген. Ал өз ишинде терең билими, жоопкерчилиги, өзүнө жана айланасындагыларга талапты катуу коюп, принципти кармангандыгы, сезимталдык менен айкалышып, кыйын учурларда жөлөк боло алгандыгы менен айырмаланган.

Анын жетекчилиги астында сүт өнөр жайынын 15 ишканасы курулуп, ишке киргизилген, ондогон прогрессивдүү технология жана продукциянын жаңы түрлөрү өздөштүрүлгөн.

Чокоева коомдук иштерге активдүү катышып, тамак-аш өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин мүчөсү болгон, Талас шаардык кеңешинин депутаты, Республикалык аялдар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. "Ардак Белгиси" ордени, эки медаль, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эт жана сүт өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Анын жетекчилиги астында совет доорунда 15 сүт ишканалары курулуп, ишке киргизилген, ондогон алдыңкы технологиялар жана продукциянын жаңы түрлөрү өздөштүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат. Чокоева Дамиранын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД