Эртеңки айт намазын өткөрүү жана ага даярдануу учурунда таңкы саат 04:00дөн 08:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
-Кең Чүй көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү,
-Фрунзе көчөсү Т.Молдо көчөсүнөн тартып,
К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү,
Жабыла турган көчө кесилиштери:
-К. Тыныстанов көчөсү менен Абдумомунов көчөсүнүн кесилиши,
-Логвиненко, Панфилов, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүнүн Чүй жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерлери.
Урматтуу айдоочулар жогорудагы көчөлөрдүн кесилиштерине авто унааларды калтырбаңыздар, жолдорду жабуу жана тазалоо иштери таңкы саат 04:00 дөн тартып башталат.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы