16 жашар кызды зордуктагандар бошотулду

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун залынан 16 жаштагы кызды бузукулук менен зордуктоого айыпталган эки адам бошотулду. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова Facebook баракчасына билдирди.

Ал кыз зордуктоочулардын аракетинен улам өлүп кала жаздаганын эске салган.

Турдубекова белгилегендей, бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда бул кылмыш иши боюнча алдын ала сот отуруму өттү. Судья Батырбеков Ж.М. айыпталуучуну сот залынан үй камагына бошоткон.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД