Кыргызстанда кайсы вакцинадан терс таасир эң көп байкалган?

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө башталгандан бери, тактап айтканда, 2021-жылдын 29-мартынан тарта, эмдөөдөн кийинки терс таасирлердин жалпысынан 2115 учуру катталган. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

"Синофарм" вакцинасынан - 1522 (0,06%),

"Спутник V" вакцинасынан - 428 (0,37%),

"Aстра Зенека" вакцинасынан - 120 (0,07%),

"Пфайзер" вакцинасынан - 39 (0,01%),

"Спутник Лайт" вакцинасынан - 5 (0,009%)

"Модерна" вакцинасынан – 1 (0,001%).

Жалпы эмделгендер:

1-доза - 1 571 969 адам

2-доза - 1 340 263 адам

Бустер - 238 186 адам.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД