
Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЧР-тест талап кылынбайт. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Эскерте кетсек, КР ССМ, КР УКМК МЧК, КР ТжКМ, КР ТИМ, КР ММСЖСМ жана "Манас" Эл аралык аэропортунун биргелешкен буйругу 1-майда күчүнө кирген. Ага ылайык, КР жарандары жана чет өлкөлүктөр Кыргызстан менен чек арадан терс ПЧР-тестти жана COVID-19га каршы эмдөө тууралуу сертификатты милдеттүү түрдө көрсөтпөстөн өтө алышат.
Бирок! ПЦР- тестти тапшырганы тууралуу маалым кат сиз барууну пландап жаткан өлкө тарабынан талап кылынышы мүмкүн. Ошондуктан чет мамлекеттердин кирүү/чыгуу эрежелери менен таанышуу маанилүү. ПЧР-тест зарыл болгон учурда, аны милдеттүү түрдө аэропортко тапшыруу талап кылынбайт. Сиз мындай кызматтарды көрсөткөн жеке жана мамлекеттик каалаган лабораториядан текшериле аласыз.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.