Ошто милиционерлер 5-кабаттан секирмекчи болгон аялды куткарып калышты

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош шаары боюнча МККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июль күнү 15:00 чамасында "102" номуруна кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Т. Кулатов кичи шаарчасынын тургуну (аял киши) өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан секирүүгө аракет кылып жатканы айтылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерге үч кайгуул кызматкери барып, аялдын өмүрүн сактап калышкан.

Окуя болгон жерге милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын капитаны Жаанбаев Р., милициянын страшинасы Сеитбеков Н. менен милициянын кенже сержанты Абдиманап уулу Б. барышкан. Милициянын кайгуул кызматкерлери үйдүн төмөн жагынан аялды алаксытып, кепке тартып турушса, бир кызматкер бешинчи кабаттагы батирге кирип, аялды куткарып калууга үлгүргөн. Ал 31 жаштагы аял болгон. Милициянын кайгуул кызматкерлери аны жакындарына өткөрүп беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД