COVID-19: Жаңы катталган учурлардын баары Бишкекте

Кыргызстанда акыркы суткада СOVID-19 инфекциясынын 14 жаңы учуру катталды, бардыгы Бишкек шаарында. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, учурлардын бири сырттан келген (БАЭден келген). Белгиленген 14 учурдун ичинен:

- 10 адам оорунун белгилеринен улам кайрылган;

- Төртөөнүн симптому жок, анын ичинен бирөө чет өлкөгө кетерде ПЧР-тест тапшырганда билинген.

Ооругандардын жаш курагы:

18-29 жаш – 3 (21,4%)

30-64 курактагылар– 9 (62,3%)

65 жаштан жогоркулар – 2 (16,3%).

Илдетти жуктургандын экөө гана эки жолудан вакцина алышкан.

13 адам амбулатордук дарыланууда,

Бирөө ооруканага жаткырылды.

11-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада.

Бирок акыркы жумада эффективдүү репродуктивдүү сан (жугуштуу оорунун жугуштуулугун мүнөздөгөн параметр) 1ден жогору, бул оорунун көбөйө баштаганын көрсөтүп турат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 201 215.

Илдеттин кесепетинен каза болгондор 1,5% түзөт.

2022-жылдын 6 ай 10 күнүндө – 16 467 COVID-19 учуру, анын ичинен 14 473 (87,9%) лабораториялык тастыкталган жана 1994 (12,1%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган (симптомдор боюнча).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД