Кыргызстанда акыркы суткада 28 адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда 12-июлга карата 28 адамдан коронавирус табылды.

Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, катталган учурлардын ичинен 20сы өздөрү (оорунун белгилери байкалгандыктан) кайрылышкан, алты адамда ПЧР-тесттен аныкталса, экөө сырттан келген адамдар.

Ооруга кабылгандардын экөө ооруканага жаткырылган.

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 243 учуру катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД